Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Жаманкулов: Ала-Арча паркынын статусу өзгөрбөйт


Ала-Арча жаратылыш паркы.
Ала-Арча жаратылыш паркы.

Маданият, маалымат жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов Бишкектин түштүк жагындагы Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын жери трансформацияланып, менчик жайларды куруу үчүн берилбестигин, парктын статусу өзгөрбөй турганын "Азаттыкка" айтты.

"Бул багытта туура эмес түшүндүрүү иштери болуп калса керек. Паркка аябай көп туристтер келет экен. Алар кааласак да, каалабасак да парктын ичинде чай ичиши керек. Ушундай нерселер үчүн гана кемпинг сыятуу чакан шарт түзүп коелу деп сүйлөшкөнбүз. Мындай кемпинг жайлар дүйнөдөгү бардык улуттук парктарда бар да. Эч убакта трансформацияга барбайбыз", - деди Жамангулов.

17 миңдей гектарды ээлеген Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүү сунушу 22-апрелде парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында айтылган.

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнүп, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG