Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Путинге таандык экени айтылган кемени Италия камакка алды


“Шехерезада” яхтасы.
“Шехерезада” яхтасы.

6-майда Италиянын бийлиги “Шехерезада” деген аталыштагы чоң яхтаны өлкөнүн Марина ди Каррара аттуу портунда камакка алды.

Яхта Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык экени болжолдонууда. Италиянын финансы полициясынын изилдөөсүнүн негизинде яхта “Еврошаркет санкция салган Орусиядагы бийлик өкүлдөрүнө таандык” деген бүтүм чыккан.

140 метрлик кеменин болжолдуу баасы 700 миллион АКШ доллары деп эсептелген. Азыркы тапта анда оңдоо иштери жүрүп жаткан. New York Times гезити кеме 2-майда деңизге чыкканын жазган. Италия бийлиги кемени соттук териштирүү бүткүчө портто кармайт.

Алексей Навальныйдын тарапташтары дал ушул яхтанын ээси Владимир Путин экенин иликтеп чыккан. Италиянын La Stampa гезити кеменин ээси “Роснефть” ишканасынын мурдагы жетекчиси Эдуард Худайнатов деген маалыматты таркаткан. Англиянын The Guardian гезити Италиянын финансы полициясы үчүн кеменин ээсин табуу өтө кыйын болорун, себеби аны менен бир топ компания байланышта экенин жазды.

Акыркы жумаларда Еврошаркеттин деңиз портторунда Орусиянын миллиардерлери Алексей Мордашов, Геннадий Тимченко, Алишер Усманов, Виктор Вексельбергдин яхталары санкциялардын негизинде кармалган.

Апрелдин этегинде АКШ бийлиги Кремл менен байланышы бар байлардын активдерди, яхталарды конфискациялап, түшкөн каражатты Украинага гуманитардык жардам катары берүү тууралуу мыйзам долбоорду талкууга койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG