Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Кубанын борборундагы жарылуудан кеминде төрт адам каза тапты


Кубанын борбору Гавана шаарындагы жарылуу болгон Saratoga мейманканасы. 6-май, 2022-жыл.
Кубанын борбору Гавана шаарындагы жарылуу болгон Saratoga мейманканасы. 6-май, 2022-жыл.

6-майда Куба мамлекетинин борбору Гавана шаарында Капитолийдин маңдайындагы Saratoga деп аталган мейманканада катуу жарылуу болду. Кеминде төрт адам каза таап, дагы ондогон адамдар жараат алды.

Жарылуунун себептери белгисиз. Жергиликтүү медиалар суюлтулган газ жарылып кетиши мүмкүн деген версияларды билдирүүдө.

Окуя болгон жерден тараган фото-видеолордо имараттын бир ыптасы кыйла талкаланганы көрүнүп турат. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат. Урандыларды тазалоо жана жабыркагандарды эвакуация иштери уланууда.

Saratoga мейманканасы 1880-жылы курулган тарыхый курулуш болуп саналат жана 2005-жылы реконструкцияланган. Анын маңдай жагында Кубанын парламенти – Капитолий жайгашкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG