Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

БУУ “Азовсталда” камалган тургундар үчүн дагы автобус жөнөттү


“Азовсталь” заводунан жайкын тургундарды алып чыккан автобустар.
“Азовсталь” заводунан жайкын тургундарды алып чыккан автобустар.

Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда калган Мариуполдогу “Азовсталь” заводунда жаткан жайкын тургундарга Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун кезектеги гуманитардык автобустардын колоннасы жөнөтүлдү. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын орун басары Мартин Гриффитс маалымдады.

“Учурда конвой “Азовсталды” көздөй баратат, эртең таңга чейин жетип калат. Бул тозокто калган тургундарды аман-эсен чыгарып, коопсуз жерге жеткиребиз деген үмүт бар”,- деди ал.

Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги “Азовсталь” заводундагы жайкын тургундар үчүн 5-6-7-май күндөрү жашыл коридор ачыларын билдирген. Бирок расмий Киев заводдун аймагы ушул тапта аткыланып жатканын, орус аскерлери ичине киргенин билдирүүдө. Ал жакта жүргөн украин жоокерлери да ушул маалыматтарды кабарлап, видеолорду таратууда.

Акыркы күндөрү Мариуполдон эвакуацияланган 500дөй адам украин бийлиги көзөмөлдөп турган Запорожье шаарына чыгарылды. Алардын жүздөн ашыгы “Азовсталь” заводунан чыгарылгандар экени кабарланган. Заводдун алдында эки айча убакыттан бери жаткандарды алгачкы жолу эвакуациялоо Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен ишке ашты.

3-майдагы билдирүүсүндө Мариуполдун мэри Вадим Бойченко “Азовсталь” заводунда каршылык көрсөтүп жаткан украин аскерлери менен чогуу кеминде 200дөй адам калганын маалымдаган.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган. Заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда миңдей украиналык жашынып жатканы айтылган.

Шаарда канча киши каза болгону белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG