Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Путин Лавровдун сөзү үчүн Израилдин премьер-министринен кечирим сурады


Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен телефондук сүйлөшүүдө тышкы иштер министри Сергей Лавровдун еврейлер жана антисемитизм жөнүндө айткан сөзү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Беннеттин канцеляриясы кабарлады.

Кремлдин сайтында орус президентинин кечирим сураганы тууралуу жазылган эмес. Анда Путин Израилдин эгемендик күнү менен Беннетти куттуктаганы жана Украинадагы согушту талкуулаганы гана жазылган.

1-майда италиялык телеканалдагы маегинде орус тышкы иштер министри Сергей Лавровго “президент Владимир Зеленский еврей тектүү болсо, Орусия Украинаны кантип денацификация кылат?” деген суроо берилген. Лавров Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинаны “денацификация” кылуу тууралуу чечимин актап, "Зеленскийдин еврей болгону ага тоскоол болбой турганын" айткан.

Лавров “Адольф Гитлерде да еврейдин каны болгонун” белгилеген. Ал мындан сырткары “эң чоң антисемиттер еврейлер өздөрү экенин” айткан. Орусия Украинага баскынчылыгын ал жактагы “неонацисттер” менен күрөшүү аракети катары актап, муну пропаганда катары колдонуп келет.

Израилдин бийлиги буга байланыштуу орус элчисин чакыртып, Москванын кечирим суроосун талап кылган. Өлкөнүн премьер-министри Нафтали Беннетт “Лавровдун айткандары жалган” экенин, бул Экинчи дүйнөлүк согушта еврейлердин кырылуусуна алардын өзүнө жоопкерчилик оодаруу аракети экенин айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин-еврей үй-бүлөсүнөн чыкканын буга чейинки билдирүүлөрүндө танган эмес жана ал "нацизм менен келишкис" көз карашта экенин бир нече жолу белгилеген.

Гитлердин ата-тегинде еврейлер болгону тууралуу билдирүүнү 1946-жылы Нюрнберг трибуналындагы сөзүндө Ганс Франк аттуу мамлекеттик ишмер айтып чыккан. Кийинки илимий изилдөөлөрдө бул гипотеза ырасталган эмес.

Адольф Гитлер жетектөөсүндө фашисттик Германия баштаган Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда еврей улутундагы 6 миллиондой киши кырылган. Бул кыргын тарыхта Холокост деген ат менен белгилүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG