Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Армениянын премьер-министри оппозициянын кызматтан кетүү талабына жооп берди


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламенттеги жыйында.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламенттеги жыйында.

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жаткан оппозиция нааразылыктарын Улуттук жыйын – парламенттин алдында 5-майда дагы улантты.

Өкмөттүк саат учурунда парламенттеги оппозиционерлер талапты трибунадан окуп, залды таштап чыгып кетишти. Алар Пашинян Тоолуу Карабакты толугу менен Азербайданга алдырганын сынга алышты. Бийликчил фракциялар такмаза иретинде кол чабышты.

Анын артынан сөз сүйлөгөн Никол Пашинян айыптоолордун бардык пункттары боюнча жооп берди. Ал сүйлөшүү процессинин ийгиликсиз болуп калганына Армениянын үчүнчү президенти Серж Саргсянды күнөөлөп, анын натыйжасы согушка алып келгенин айтты.

Пашинян өзүн кызматтан кетирүүгө аракет жасап жаткандар анын бийликке келүү жолун туурагысы келип жатканын, бирок ал ишке ашпай турганын белгиледи. Жыйынга кайра кирген оппозиционерлер “Николсуз Армения!” деп кыйкырышты.

Армениянын борбору Ереванда уланып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары 4-майда парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Аларды полиция кызматкерлери тосуп, өткөргөн эмес.

Армениядагы нааразылыктардын башталганына эки апта болду. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Анда жалпы 300-400дөй адам кармалды.

Нааразылык акциясы премьер-министри Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин башталган. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат.

Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG