Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:30

Британия дагы 63 орусиялык жаранды жана компанияларды "кара тизмеге" киргизди


Лиз Трасс. Лондон, 2022-жыл
Лиз Трасс. Лондон, 2022-жыл

Британия Орусияга каршы санкцияларын кеңейтип, дагы 63 орус жаранын жана компаниясын "кара тизмеге" киргизди. Санкцияга илинген жарандардын арасында теле алып баруучу Михаил Леонтьев жана Наиля Аскер-заде да бар.

Санкциялардын тизмесине төмөнкүлөр кирген:

  • Коргоо министринин орун басары Николай Панков;
  • Орусиянын президентинин жардамчысы,
  • Биринчи каналдын директорлор кеңешинин башчысы Максим Орешкин;
  • "Открытие" банкынын башчысы Михаил Задорнов;
  • Совкомбанкынын башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Гусев;
  • Биринчи каналда "Однако" программасынын алып баруучусу Михаил Леонтьев;
  • Теле алып баруучу Наиля Аскер-заде;
  • Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын аскерий корреспонденти Евгений Поддубный;
  • "Комсомольская правданын" корреспонденты Александр Коц;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинин директору Александр Школьник;
  • Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы,
  • ПАО "КамАЗ".

Британ компанияларына Орусияга менеджмент боюнча консалтинг, бухгалтердик эсеп жана PR кызматтарын көрсөтүүгө дагы тыюу салынды. Социалдык тармактар, интернет кызматтары жана тиркеме дүкөндөрү RT жана Sputnik контентине бөгөт коюшу керек.

"Путиндин режими менен бизнес жүргүзүү моралдык жактан туура эмес жана бүткүл Украинага сан жеткис азап алып келген согуштук машинаны каржылоого жардам берет. Орусиянын британ кызмат чөйрөсүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн токтотуу Кремлге кысымды күчөтөт жана акырында Путиндин Украинада жеңилишине жардам берет", - деди Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс.

Трасстын билдирүүсүнө караганда, Лондон буга чейин орусиялык 1600дөн ашуун жеке жана юридикалык жактарды санкция киргизген. Санкцияларды күчөтүү Орусия Украинага басып киргенден кийин башталган. Чектөөлөр президент Владимир Путинге, тышкы иштер министри Сергей Лавровго, миллиардер Роман Абрамовичке, "Роснефть" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Игорь Сечинге, "Газпромдун" директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Миллерге, ошондой эле Путиндин кыздарына киргизилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG