Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Беларус парламенти террорчулук үчүн өлүм жазасын бекитти


Беларустун абактарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Беларустун абактарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Беларустун парламенти өлүм жазасы колдонула турган кылмыштын тизмесин кеңейтип, террордук аракеттерге баргандарды жана мамлекеттик, коомдук ишмерлерди өлтүргөндөрдү да ушундай жазага тартуу мыйзамын жактырды. Бул тууралуу мамлекеттик “БелТА” агенттиги кабарлады.

Бул чечим инфратүзүмдүк объектилерге чабуулдар жасалып жатканы тууралуу көптөгөн маалыматтар жарыяланган маалда кабыл алынды. Мурдараак Улуттук жыйындын депутаты Марина Ленчевская өлүм жазасын колдонуулуучу кылмыштын топторун кеңейтүүнүн себебин “транспорттук, аскердик жана энергетикалык объектилерге террордук чабуулдар күчөгөнү” менен түшүндүргөн.

2020-жылкы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларынын фонунда беларус бийлиги темир жолдорду жабууга аракет кылган учурлар арбыганын билдиришкен.

Орусия Украинага кол салгандан кийин BYPOL оппозициялык демилгечил тобу темир жолдорду аскердик багытта колдонууга бөгөт коюу үчүн жарандарды “рельстерге согуш” жарыялоого үндөгөн. Мындай чакырык орус аскерлеринин Беларустун аймагы аркылуу Украинага кирүүсүнө тоскоол болот деген максатта жүргөн. 24-февралдан апрелдин соңуна чейин кеминде 60 жашоочу темир жолдорду бузууга шектелип кармалган. Анын бир учурунда террорчулук боюнча кылмыш иши козголгон.

Беларус - Европада өлүм жазасын колдонуусун улантып жаткан жалгыз мамлекет. Бул жаза колдонулчу кылмыштардын кеңейтүү өлкөнүн жаңы тарыхында мурда болгон эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG