Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Алайда 200дөн ашуун үйдү сел каптап, тургундар көчүрүлдү


Алайдагы сел. 3-май, 2022-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт.
Алайдагы сел. 3-май, 2022-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт.

3-майда Алай районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Корул айыл өкмөтүндө 217 турак үйдү сел каптаган. Жашаганга кооптуу деп табылган үйлөрдүн жашоочулары, 22 жаран убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, селден 4 ички чарбалык көпүрө, 6 электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүкө учураган. Аталган мекеме селден социалдык объектилер зыян тартканын, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.


Селдин кесепетин жоюу үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Алай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу, ИИМдин 10 кызматкери Райондук электр тармагынын 1 бригадасы, 150дөй жергиликтүү тургун тартылды.

3-майда Оштун Кара-Кулжа районунда дагы сел жүрүп, Чалма айыл аймагында автоунаа өтчү көпүрөнү алып кеткен.

1-майда Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун Кызыл-Сөөк тилкесинде жер көчкү түшкөн. ӨКМ 15 миң метр куб көчкү түшүп, Миң-Куш дарыясын жарымын басып калганын билдирген. Кооптуу жагдайга байланыштуу жол эки күн жабылып, кайра ачылды.

Кыргызгидромет борбору ушул күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучун эскертүүдө. 5-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Маалыматка караганда, кээ бир райондордо жаан катуу жаайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG