Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Байден Javelin куралын чыгарган заводго барды


АКШнын президенти Жо Байден танкка каршы “Жавелин” (Javelin) куралын өндүргөн заводдо. 3-май, 2022-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден танкка каршы “Жавелин” (Javelin) куралын өндүргөн заводдо. 3-май, 2022-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден шейшембиде Алабама штатындагы Трой шаарында жайгашкан Lockheed Martin концернинин коргонуу тармагындагы заводуна барды.

Бул ишканада танкка каршы “Жавелин” (Javelin) куралы өндүрүлөт. Орусия Украинага кол салгандан кийин Вашингтон бул куралды Киевге көп көлөмдө жеткирип жатат.

“Америка добушу” басылмасы жазгандай, Байден анда жумушчулар менен жолукканда, АКШнын Украинага берип жаткан жардамындагы алардын салымын белгилеп, ыраазычылык билдирди. 600 адам эмгектенген завод акыркы 20 жылда элүү миңдей “Жавелин” куралын чыгарышкан.

“Украиналыктар бул күрөштү жана Орусияны стратегиялык жактан жеңүү үчүн согушту улантууга жөндөмдүү болуп жатканы - алардын артында Кошмо Штаттары жана алардын өнөктөштөрү тургандыгында. Анын ичинде силер да барсыңар. Силер ал адамдардын жашоосун өзгөртүп жатасыңар."

Жо Байден сөзүндө АКШнын Конгрессине да кайрылып, Украинага 33 млрд. долларлык жардам берүү үчүн өзүнүн сунушун колдоп берүүгө чакырды. Ал бул согушту “соңку тарыхтагы жети-сегиз муунда бир кайталанчу учур” деп атады.

Узап бараткан аптада Өкүлдөр палатасы көпчүлүк добуш менен Украинаны колдоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзам Украинага аскер техникаларын жана курал-жаракты тоскоолдуксуз жеткирүүгө жол ачат. Мындан тышкары Конгресстин кароосуна президенттик администрациянын Украинага жардамга 33 млрд. доллар, анын ичинен 20 млрд. доллар аскердик керектөөгө берүү тууралуу өтүнүчү киргизилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG