Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Жогорку Рада орусиячыл партияларга тыюу салган мыйзам кабыл алды


Жогорку Раданын 3-майдагы олтуруму.
Жогорку Раданын 3-майдагы олтуруму.

3-майда Украинанын парламенти өлкөдөгү орусиячыл деп табылган партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу мыйзамын кабыл алды.

Аны 450 орундуу Жогорку Раданын 330 депутаты колдоду.

“Макул” деп добуш бергендердин арасында орусиячыл деп саналган "Жашоо үчүн - Оппозициячыл платформа" фракциясынын мурдагы мүчөлөрү да добуш берди.

Башкаруучу “Эл кызматчысы” ("Слуга народа") партиясынын башчысы Елена Шуляктын айтымында, мыйзам Орусиянын Украинага кол салуусун жактаган партияларга тыюу салуу маселесин камтыйт.

Анын ичинде орус аскерлери украин аймактарын басып алып жатканын төгүндөгөн жана орусиялык күчтөрдү коргогон саясий топторго да тиешелүү болот. Партиялардын тизмеси мыйзамда келтирилген эмес, аны сот аныктайт.

Орусия кол салгандан кийин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши өзгөчө абал учурунда бир катар партияларга тыюу салып, мунун себебин алар орусиячыл позицияны карманганы менен түшүндүргөн.

Мындан кийин "Жашоо үчүн - Оппозициячыл платформа" фракциясынын 25 мүчөсү андан чыгып, “Жашоо жана тынчтык үчүн” деп аталган депутаттык топ түзүшкөн.

Аталган партиянын лидери, орусиячылык саясатчы Виктор Медведчук камакка алынган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG