Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Орусия Израилди “Киевдин неонацисттик режимин” колдоп жатат деп айыптады


Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Нью-Йоркто еврей жамааты менен жолугушуусу. Архивдик сүрөт.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Нью-Йоркто еврей жамааты менен жолугушуусу. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Лавровдун сөзүнө байланыштуу Тел-Авивдин билдирүүсүнө жооп кайтарды. “Израил Киевдин неонацисттик режимин колдоп жатат” деп айыптады.

1-майда италиялык телеканалдагы интервьюсунда орус тышкы иштер министри Сергей Лавровго “президент Владимир Зеленский еврей тектүү болсо, Орусия Украинаны кантип денацификация кылат?” деген суроо берилген.

Лавров Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинаны “денацификация” кылуу тууралуу чечимин актап, "Зеленскийдин еврей болгону ага тоскоол болбой турганын" айткан.

Орусиялык министр “Адольф Гитлерде да еврейдин каны болгонун” белгилеген. Ал мындан сырткары “эң чоң антисемиттер еврейлер өздөрү экенин” айткан. Орусия Украинага баскынчылыгын ал жактагы “неонацисттер” менен күрөшүү аракети катары актап, муну пропаганда катары колдонуп келет.

Израилдин бийлиги буга байланыштуу орус элчисин чакыртып, Москванын кечирим суроосун талап кылган. Өлкөнүн премьер-министри Нафтали Беннетт “Лавровдун айткандары жалган” экенин, бул Экинчи дүйнөлүк согушта еврейлердин кырылуусуна аларды өзүнө жоопкерчиликти оодаруу аракети экенин айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин-еврей үй-бүлөсүнөн чыкканын буга чейинки билдирүүлөрүндө маалымдап, ал "нацизм менен келишкис" көз карашта экенин бир нече жолу белгилеген.

Гитлердин ата-тегинде еврейлер болгону тууралуу билдирүүнү 1946-жылы Нюрнберг трибуналындагы сөзүндө Ганс Франк аттуу мамлекеттик ишмер айтып чыккан. Кийинки илимий изилдөөлөрдө бул гипотеза ырасталган эмес.

Адольф Гитлер башында турган фашисттик Германия баштаган Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда еврей улутундагы 6 миллиондой киши кырылган. Бул кыргын тарыхка Холокост деген ат менен кирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG