Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

"Азовсталь" заводунан эвакуацияланган жарандар Запорожьеге барды


“Азовсталь” заводунан эвакуацияланган жайкын тургундар.
“Азовсталь” заводунан эвакуацияланган жайкын тургундар.

Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан Мариупол шаарынан эвакуацияланган 156 адам украин бийлиги көзөмөлдөп турган Запорожье шаарына келип түштү. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук кабарлады.

Алардын ичинде “Азовсталь” заводунун астындагы баш калкалоочу жайлардан чыгарылган украиналыктар да бар. Украин президенти Владимир Зеленский алардын саны 100дөй экенин айткан.

Заводдун алдында эки айча убакыттан бери жаткандарды алгачкы жолу эвакуациялоо Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен ишке ашты. БУУнун өкүлү шейшемби күнү кабарлагандай, “Азовсталь” заводунан акыркы күндөрү жалпы 101 адам чыгарылды. Адис алардын арасында аялдар, эркектер, карылар жана балдар бар экенин тактады.

Мариупол жайгашкан Донецк облусунун аймагында өзүн-өзү “Донецк Элдик Республикасы” деп жарыялап алган жикчил түзүм “Азовсталь” заводунан 80дей жаран чыгарылганын, анын 11и Мариуполдо калып, 69у Украина көзөмөлдөгөн аймакка чыгып кеткенин кабарлаган. БУУ айткан 101 адамдын тизмесине булар дагы киреби-жокпу белгисиз.

Мариуполдун мэри Вадим Бойченко “Азовсталь” заводунда каршылык көрсөтүп жаткан украин аскерлери менен чогуу кеминде 200дөй жайкын тургун калганын 3-майда кабарлады. Бул маалыматты БУУнун өкүлдөрү да ырастады. Украин бийлиги орус аскерлери заводду аткылоосун жандантып жибергендиктен, андан жайкын тургундарды чыгарып кетүү токтоп калганын билдирди.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган.

Заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда миңдей украиналык жашынып жатканы айтылган. Шаарда канча киши өлгөнү белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG