Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:45

Ошто жапырт уулануудан кийин дүкөндөрдөгү азыктар текшерилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарынын санэпидкөзөмөл борбору калаадагы бардык соода түйүндөрүндө атайын рейд баштады. Адистер мөөнөтү өткөн жана этикеткасы жок азыктарды күркөлөрдөн алып жатышат. Тез бузулуучу жана сүт азыктарына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

1-майда Кара-Суудагы “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган. Алардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. 3-майда облустук ооруканадан алардын абалы жакшы экенин билдиришти.

Цехтин ээсине 7500 сом, бузулган таттуу токочту саткан дүкөн ээлерине 1000 сомдон айыппул салынып. Беш миң кондитердик азык сатыктан алынган.

"Азаттык" азырынча "Сахобат" ишканасынын жетекчилиги же кызматкерлери менен байланышып, пикирлерин уга алган жок. (AAb\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG