Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

ИИМ Бишкекте жалган "милиционер" кармалганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте өзүн милиционер деп тааныштырып, жергиликтүү тургундан акча опузалаган адам кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал жашоочулардын биринен 150 миң сом талап кылып, бербесе камакка аларын айткан. Коркутууга кабылган жаран 130 миң сом берип, анан ИИМге арызданган.

2-майда Ички иликтөө кызматынын адистери шаардык прокуратура менен биргеликте шектүүнү дагы 15 миң сом алып жатканда колго түшүргөн.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө башталды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG