Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Бишкекте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтөт


Кыргызстан менен Венгриянын желектери.
Кыргызстан менен Венгриянын желектери.

3-майда Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийярто келет. Бул тууралуу Бишкек расмий кабарлап, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин төрагалыгы алдында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтө турганын маалымдады.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон. Андан соң экономикалык форумда сөз сүйлөгөн Петер Сийярто Будапешт-Бишкек авиакаттамы ачыларын, Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн 540 студентти акысыз окутуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн белгилеген. Андан бир ай мурун президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндаганда, Европадан Венгрия менен мамилени бекемдөө уланып жатканын айткан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG