Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Украина Бучадагы кыргын боюнча биринчи шектүүнү аныктады


Бучадагы орус аскерлери өлтүргөн жайкын тургундардын сөөктөрү.
Бучадагы орус аскерлери өлтүргөн жайкын тургундардын сөөктөрү.

Украинанын Башкы прокуратурасы Киев облусунун Буча айылындагы жайкын тургундарга карата орус аскерлеринин кылмыш иштерине биринчи шектүү адамдын аты-жөнүн аныктады. Бул тууралуу башкы прокурор Ирина Венедиктова билдирди.

Анын айтымында, шектүү - Орусиянын улуттук гвардиясынын бөлүм башчысы Сергей Колоцей. Анын 18-март күнү Бучадагы куралсыз төрт тургунду атып салганы такталган. 29-мартта жоокер дагы бир жайкын тургунду өлтүргөн. Сурак учурунда жарандарды кыйноого алганы да маалым болду.

Шектүүнүн кармалып-кармалбаганы белгисиз. Прокуратура ага айып тагылганы боюнча маалымат берилгенин кабарлады. Анын башка кылмыштарга да тиешеси-бар жогу аныкталып жатат.

2-апрелде Киев облусу Орусиянын аскерлеринен бошотулган. Алар чыгып кеткенден кийин шаарларда жана кыштактарда жайкын тургундардын жоон топ сөөктөрү табылган. Бучанын өзүндө эле 400дөй жашоочу өлтүрүлгөнү такталган.

Украина жана башка батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бул жана башка кылмыштары үчүн Орусияны жоопко тартууга чакырып келет. Кремл бул айыптоолорду төгүндөп, аны өлүктөрдүн сүрөтүн украин тарап жасалмалаганын билдирген. Орус аскерлери жайкын тургундарды атып жаткан учуру спутниктен алынган кадрлар менен ырасталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG