Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Орусиянын Сибирь аймагында токойду өрт каптады


Орусиянын Красноярск крайындагы өрт. Архивдик сүрөт.
Орусиянын Красноярск крайындагы өрт. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Сибирь, Ыраакы Чыгыш аймагында токойду жана талааны өрт каптады. Красноярск аймагында өрт кескин күчөп, Минусинск районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Минусинскинин Знаменка деп аталган айылында эле 250 гектардай токойду жана кургак чөп талаасын от жалмады. Мурдараак тиешелүү органдар Кривинск жана Лугавск райондорундагы оттун очоктору басылганын маалымдаган. Өрттү басууга Бе-200 учагы жана Ми-8 тик учактары тартылды.

2-майга карата Красноярск аймагында он миң гектар токой өрттөнгөнү маалымдалды. Бул аймакка жана Амур облусунун айрым райондоруна да өзгөчө кырдаал режимдери киргизилди.

Интернетте тарап жаткан видеолордо көрүнүп тургандай, аталган аймактардагы токойлордогу өрттөн улам асманга чоң түтүндөр чыгып, жер-жерлерде жашоочулар качып баратат. Украинадагы согуштун фонунда бул кырсыктар кооптонуу менен кабылданууда. Орусиянын Украина менен чектешкен аймактарында бир катар объектилерде өрт чыккан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG