Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

Баткенде көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды


 Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, 9-май Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш быйыл Баткенде өтүүдө.

Мелдеш бүгүн, 2-майда Баткен облусунун Халмион айыл аймагындагы ат майданда башталды. Жыйынтыктоочу оюн 9-майда болот. Мелдешке өлкө боюнча отуздан ашык команда катышууда. Майрамды утурлай улуттук оюндардын 5 түрү боюнча мелдештер жана Салбуурун оюндары да уюштурулат. Жалпы байге фонду үч жарым миллион сом деп айтылды.

Жеңиштин 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чаралар Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өткөрүлөт. Ошондой эле Баткенде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы “Эл ырчысы Эстебес” тобунун “Бакыт издеп сапар тарттым ашып кыр, көрсө бакыт өз айылымда жатыптыр” аттуу кайрымдуулук концерти да өтөт.

Коргоо министрлиги 9-майда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын билдирген. Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда да Жеңиш майрамынын урматына салттуу аскердик параддар өткөрүлбөй турганы жарыяланган.

Кыргызстанда акыркы эки жылда 9-майда параддар жана башка жапырт иш-чаралар коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүлгөн эмес. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG