Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:49

Ошто таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланды


Таттуу токоч. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду, маалыматтагы окуяга тиешеси жок.
Таттуу токоч. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду, маалыматтагы окуяга тиешеси жок.

Ошто таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланды. Бул сан дагы өсүшү мүмкүндүгүн Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунун адистери "Азаттыкка" билдиришти.

Уулангандардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. Алардын үчөө оор абалда ооруканада жатат. Окуя 1-майда катталган.

Мекеменин баштапкы маалыматына ылайык, жабыркагандар "Сахобат" деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токочтон ууланган. Адистер аталган ишкананын азыктарын текшерип, ушундай тыянак чыгарышкан.

Кара-Суу районунда жайгашкан аталган цех текшерилип, айыппул салынды жана иши токтотулду. Ишкананын азыктары дүкөндөрдөн алынып жатат. "Азаттык" азырынча "Сахобаттын" жетекчилиги же адистери менен байланыша алган жок.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы калаада уулануунун бир канча фактысы катталганын эскертип, тез бузула турган азык-түлүктөрдү сатып алууда элди сак болууга чакырууда. (SE\AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG