Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Орусияда 1-майдагы акцияларда 200дөн ашуун адам кармалды


Активист Елена Осипова Санкт-Петербургдагы пикет учурунда. 1-май, 2022-жыл.
Активист Елена Осипова Санкт-Петербургдагы пикет учурунда. 1-май, 2022-жыл.

Орусиянын 18 шаарында 1-май демонстрацияларында 200дөн ашуун адам кармалды. Алардын көбү Москва менен Санкт-Петербургда экенин, айрымдары 2-майдын таңына чейин сурак бергенин “ОВД-Инфо” басылмасы кабарлады.

Активисттер 1-май - Эмгекчилердин тилектештик күнүнө жана согушка каршы ураандар жазылган плакаттар менен пикет өткөрүштү. Москвадагы Пушкин аянтында "Тынчтык! Эмгек! Май!" деген плакат менен чыккан Дмитрий Силин аттуу жаранды да полиция кармап кетти.

Новосибирск, Екатеринбург, Нижний Новгород, Киров, Пермь, Ярославль жана башка шаарларда да ондогон адамдар кармалды.

Февралдын аягында Орусия Украинанын аймагына басып киргенден көп өтпөй мыйзамдар катаалданып, согушка каршы акцияларга көзөмөл күчөгөн. Митинг-пикет уюштургандарга "орус армиясын каралоо", анын ичинде "социалдык тармактарда жалган маалымат таратуу" сыяктуу жаңы беренелер менен административдик жана кылмыш иштери козголууда.

"Агора" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Орусияда согушка каршы билдирүүлөр жана сөздөргө байланыштуу кеминде 40 иш козголгон. Айыпталуучулар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Согуш башталгандан бери 15 миңден ашуун адам камакка алынды. Аскердик цензура киргизилип, маалымат каражаттарына согушту мамлекеттик эмес позицияда чагылдырууга тыюу салынган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG