Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Зеленский "Азовсталдан" 100дөй тургун эвакуацияланып жатканын билдирди


Украина. Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун аймагынан чыгарылган жашоочу.
Украина. Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун аймагынан чыгарылган жашоочу.

Украинанын Мариупол шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводунда эки айча убакыттан бери алгачкы эвакуация ишке ашты. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасында расмий маалымат берди.

“Мариуполдогу "Азовсталдан" жайкын тургундарды эвакуациялоо башталды. 100 адамдан турган биринчи топ биз көзөмөлдөп турган аймактарга аймактарга баратат. Аларды эртең Запорожьеден тосуп алабыз. Биздин командага рахмат! Учурда алар БУУнун өкүлдөрү менен чогуу заводдун аймагынан жарандарды чыгарып кетүүнүн үстүнөн иштеп жатат”, - деп жазды ал.

"Азовсталь" заводунан алгач 20 адам - аялдар менен балдар чыгарылганын учурда заводдогуларды коргоп жаткан "Азов" полкунун командири Святослав Паламарь маалымдаган. Анын сөзүнө караганда, эвакуация 30-апрелде, ишембиде болуп, адамдар Запорожьени көздөй жиберилген.

Кийин Орусиянын РИА Новости жана ТАСС маалымат агенттиктери "Азовсталдын" аймагынан жалпы 46 адам чыгарылып кеткенин жазган.

Телеграм-каналдар БУУ жана Кызыл жарым ай коомунун катышуусунда жай тургундарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазышкан. БУУ да эвакуациялоо иштерин ырастады.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. Бирок “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган.

Расмий Киев заводдун алдындагы тоннелдик лабиринттерде миңден ашуун жайкын тургундар баш калкалап жатканын маалымдап келет. Киев аларды чыгарып кетүү үчүн коопсуз жол уюштурууну Орусияга бир нече жолу сунуштаган. Андан майнап чыкпай келген.

Улуттар Уюмунун баш катчысы мунун алдында Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда да ушул маселени көтөргөн.

Украин бийлиги заводдон бардык адамдарды алып чыгып кетүүнү талап кылууда. Орус бийлиги аскерлер багынып бериши керек деп келатат. Аскерлердин жубайлары Киевде митинг өткөрүп, аларды да чыгарып кетүүнү украин бийлигинен суранышкан. Мариуполдун бийлиги орус аскерлеринин аткылоосунан улам шаардагы 20 миң чамалуу тургун набыт болгонун билдирүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG