Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:52

ИИМдин Криминалдык кызматынын башчысы иштен алынды


ИИМ имараты. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
ИИМ имараты. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалистика кызматынын башчысы Канат Иманалиев "ишиндеги кемчиликтер жана ишти уюштуруудагы алсыздыгы үчүн" ээлеген ордунан бошотулду. Мындай буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков 29-апрелде кол койгонун ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта жазылгандай, министрдин чечими ИИМдин жарым жылдык жыйынтыгын караган коллегиясынан кийин чыгарылган. Коллегия учурунда ишиндеги кемчиликтер жана мүчүлүштүктөр үчүн бир катар жетекчилерге да чара көрүлөрү айтылган.

Коллегия учурунда министр Улан Ниязбеков жетекчилерге беш багыттан турган тапшырма берип, анын аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын билдирди. Ага ылайык, жетекчилер кызматкерлерин окутуп-машыктыруучу иш-чараларды өткөрүп турууга тийиш. Кызматкерлердин мыйзамды жана тартипти бузуусуна жол бербөөсү зарыл. Кызматкерлер менен иштөө, алардын атуулдук сезимин тарбиялоочу иш-чараларды уюштуруусу керек.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери үчүн жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү, коомдо кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG