Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Дүйшөмбүдө Орусиядагы тажик мигранттарынын лидеринин соту башталды


Amriddin Alovatshoev
Amriddin Alovatshoev

29-апрелде Дүйшөмбү шаарында Орусиядагы тажик мигранттарынын лидери, жыл башында Тажикстанга экстрадицияланган Амриддин Аловаштаевдин соту башталды. Ал "кишилерди барымтага алуу" сыяктуу оор кылмыштарга барган деп айыпталууда. Анын жакындары мунун баары ойдон чыгарылган айып деп, четке кагып жатышат.

Тажик бийлиги Аловатшоев февралдын башында алып келингенин билдирген. Активисттин айланасындагы окуялар тажик прокуратурасы Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы төрт күндүк демонстрациялар боюнча жаңы иликтөө баштаган маалга туш келди.

Хорогдо күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында каза болгон жергиликтүү тургундун өлүмүнө байланыштуу былтыр 25-ноябрда бийликке каршы ири акциялар тутанган. Ошол эле күнү Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында да митинг өткөн. Ошол акцияга Аловатшоев да катышканы кабарланууда.

Буга чейин тажик аткаминерлеринин бири Аловатшоевди "сыртта жүрүп Тоолуу-Бадахшандын жаштарын бийликке каршы тукурду" деп айыптаган.

Укук коргоочулар билдиргендей, 2015-жылдан бери Орусияда 15тей оппозициячыл активист дайынсыз жоголгон. Алардын айрымдары кийин Тажикстанда күмөндүү айыптар менен кармалып турганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG