Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Бишкектеги “Рухий Мурас” конушундагы мектептин курулушу башталды


Садыр Жапаров жана Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек, 29-апрель, 2022-жыл.
Садыр Жапаров жана Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек, 29-апрель, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарындагы “Рухий Мурас” конушундагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Өлкө башчысы 2005-жылы негизделген бул конушта төрөлгөн балдар быйыл 17ге чыкканын, алардын баары шаардын ар кайсы жерине барып окуганга аргасыз болгонун белгиледи.

Президент бүгүнкү күндө конушта 7 миңге чукул адам жашарын, учурда мында орто эсеп менен 1350 орундуу мектепке муктаждык бар экенин айтты.

“Буюрса, мындан ары балдардын баары өзүңүздөрдүн мектептен билим алат. Убаракерчилик жоюлуп, жол киреге кеткен каражат да үнөмдөлөт. Бишкек мэриясы күзгө чейин бүтүрүүгө бардык аракеттерди жумшайбыз деп убада берип жатат, курулушту өзүм да көзөмөлгө алам”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө мектеп тартыштыгы Бишкек жана Чүй облусунда курч экенине көңүл бурду.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында жеке мектептерде билим албагандарды кошпогондо 177 миң окуучу бар. Борбордо элдин саны 2022-жылдын 1-январына карата 1 млн. 74 миң адамды түздү, бул каттоосу бар гана адамдар. Ал эми Бишкектин айланасындагы 47 жаңы конушту эске алганда, балдардын саны эки-үч эсеге көп болушу ыктымал.

Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары кабарланган.

Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектеп курууга мэрия “Экспресс-Строй KГ” компаниясын тандаганын айткан. Анда ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп бере турганын кошумчалаган. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз ишкана тендерсиз эле курганы жатканын билдирип чыккан.

Коомчулукта бул Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабировдун уулунун компаниясы экенин айткандар да бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG