Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду (видео)


Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. 29-апрель. 2022
Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. 29-апрель. 2022

Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө бүгүн, 29-апрелде белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. Маркумду эскерүүгө бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.


"Азаттык" радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.

Ажыматовдун чыгармачылыгында ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт.

Акын каза болгондон кийин “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыкты негиздеген. Сыйлык жыл сайын маркумдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир акынга ыйгарылат. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG