Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Араван: миң гектар жерди ижарага берүүнүн мыйзамдуулугу талкууланды


Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө 28-апрелде Араван районундагы жер тилкелерине байланышкан маселе талкууланды. Анда Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү ижарага берилген жер тилкелерин көзөмөлгө алуу тапшырмасы тиешелүү жетекчилерге берилди.

Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, райондук акимчиликтердин, айыл өкмөттөрдүн башчылары катышкан жыйында облус жетекчиси Зияддин Жамалдинов ижарадагы жер тилкелери үчүн салык төлөнгөн-төлөнбөгөнүнө кызыкты.

"Жакында Араван районуна элдик жыйынга барганда, эки жаран мага суроо берди. Төрт айыл өкмөттөн дээрлик 1000 гектар жерди ооган ишкерине берип жатат, бир дагы айыл өкмөтү билбейт. Түзүлгөн келишим боюнча сурабайсыңарбы, ижараны эмнеге төлөбөйсүң, социалдык пакетти бербейсиң дебейсиңерби? Же силердин бюджетиңер жакшыбы? Акча каражатыңар жетишеби? Биз аны качан эл көтөрүп, комиссия түзгөндө билип жатабыз да. Болбосо билмек эмес экенбиз".

Жамалдинов кол алдындагыларга жер тилкелери боюнча маалымат даярдоону тапшырып, тиешелүү органдар укуктук баа бериши керектигин айтты. Анын маалыматына караганда, ооган ишкери райондогу Алля Анаров айыл өкмөтүнөн 300 гектар, Юсупов айыл өкмөтүнөн 200 гектар, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнөн 300 гектар, Нур-Абад айы өкмөтүнөн 200 гектар жерди ижарага алган. 2021-жылы февраль айында аймактын агрардык департаменти менен келишим түзүп, жыл сайын 150 миң сом ижара акы, 210 миң сом социалдык пакет төлөмөй болгон.

Райондогу жер тилкелерине байланышкан чуу 26-апрелде Ютубга президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун видеосу интернетке чыккандан кийин жаралган. Ал анда текшерүүнүн жүрүшүндө Аравандагы мыйзамсыз берилген жерлер аныкталганын билдирген. Ал Алля Анаровдогу иштер үчүн депутат Жалолидин Нурбаевдин жана анын туугандарынын атын атаган. Мындан башка дагы жерге, кадр маселесине байланыштуу мыйзамсыз иштер бар экенин белгилеген.

Андан кийин, 27-апрелде парламенттин сессиясында Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү "Жаныкулов Нурбаевди каралап жатат" деп айтып чыгышкан. Мындан улам ага карата чара көрүү тууралуу протоколдук тапшырма берүү сунушу менен спикер Талант Мамытовго кайрылышкан.

Ошол эле күнү Жаныкулов Нурбаев Аравандагы Алля Анаров айыл өкмөтүн жетектеп тургандагы мыйзам бузуулар боюнча президентке, өкмөт башчыга жана прокуратурага кайрылуу даярдалып жатканын билдирген.

Бул окуяларга байланыштуу Нурбаевдин өзү комментарий бере элек. Былтыр күздөгү парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Араван округунан шайланып келген депутат аталган айыл өкмөтүн 2014-жылдан тартып жети жылдай жетектеген.

Жерлерди ижарага алды деген оогандык ишкер тараптан да комментарий боло элек, анын аты-жөнү айтылган жок. (ArN/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG