Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Бишкек мэриясы 9-майда "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө камданып жатат


Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү коронавирус пандемиясынан улам соңку эки жылда уюштурулган эмес.
Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү коронавирус пандемиясынан улам соңку эки жылда уюштурулган эмес.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 28-апрелде басма сөз жыйынында билдирди. Ушул тушта жүрүштү өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын маалымдады.

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандарды “Z” белгиси бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө чакырган. Шаар тургундарын 9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүндөгү “Өлбөс полк” жүрүшүнө мындай аскердик кийимдерди кийип чыкпоого үндөгөн. Ошондой эле улут аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганы эскерткен.

Ушул күндөрү Бишкек шаардык милиция машинелерине "Z" белгисин чаптап алган айдоочулар аныкталса аларга айып пул салып, белгилер сыйрылып жатат. Тартип коргоо органдары машинелерге уруксаты жана атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын билдирген.

"Z" жана "V" тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Ага бир канча жолу Орусиянын президенти Владимир Путин да катышкан.

Акция кийинчерээк айрым постсоветтик мамлекеттерге да жайылган. Кыргызстанда бир канча жолу уюштурулуп, мамлекет башчылар катышкан учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG