Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

ЖК: Оштогу президенттин өкүлүнүн орун басарына чара көрүү маселеси көтөрүлдү


Ош шаары, Ош облусу.
Ош шаары, Ош облусу.

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов "депутат Жалолидин Нурбаевди каралап жатат" деп айтып чыгышты. Мындан улам ага карата чара көрүү тууралуу протоколдук тапшырма берүү сунушу менен спикер Талант Мамытовго кайрылышты.

"Жалолидин Нурбаев инвестиция алып келип, элдерди жумуш менен камсыз кылып жатса ошону көрө албай инвесторлорду качырып жатат. Ал (Жаныкулов-ред) кызматын таштап Ютуб жылдызы болуп иштесин, же блогер болсун. Нурбаев депутат болгонго чейин жетектеген айыл өкмөт Кыргызстандагы алдыңкы айыл өкмөттөрдүн бири. Ошону каралап жатат", - деди Түмөнбаев.

Мунун алдында, 26-апрелде Ютубга Жаныкуловдун "Рейддин жыйынтыгы. Айыл өкмөттү ээлеп алган Нурбаевдердин кланы" деген аталыштагы билдирүүсү чыккан. Анда текшерүүнүн жүрүшүндө Аравандагы мыйзамсыз берилген жерлер аныкталганын билдирип, анда депутаттын атын атаган.

"Араван районундагы Алля-Анаров айыл өкмөтүндөгү 300 гектар жер чет өлкөлүк бир фирмага ижарага берилип кеткени аныкталды. Алар жер кыртышын бузуп, жерди тегерете аң казып салышкан, Башынан тартып бир дагы документ туура түзүлгөн эмес. Ижара акысы дагы өз убагында төлөнгөн эмес".

Жаныкулов мындан башка дагы жерге, кадр маселесине байланыштуу мыйзамсыз иштер бар экенин айткан.

Депутат Жалолидин Нурбаев өзү азырынча комментарий бере элек. Ал соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Араван округунан депутат болуп шайланып келгенче чейин 2014- жылдан тартып аталган райондогу Алля-Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG