Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Дыйкандар президент Жапаровго кайрылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын негизги тармактарынын өкүлдөрү өлкөдөгү агроөнөр жай комплексинде реформалар сөз бойдон калып жатканын айтып чыгышты.

"Айдоо иштери дээрлик аяктап, агроөнөр жай комплексин кластердик өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү убадалары сөз бойдон кала берүүдө", - деген арыз ээлери президентке кайрылган.

Алар мамлекеттик колдоону жакшыртуу үчүн жер, суу жана кредит маселелерин чечүүнү суранды.

Ассоциация мүчөлөрү бул боюнча ачык парламенттик угуу өткөрүү керектигин айтып, ага дыйкан-фермерлер да катышуусу зарылдыгын белгилеп жатышат.

Өкмөт өткөн айда "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 миллиард сом бөлгөн.

Айыл чарба министрлиги 21-апрелге карата жалпысынан баасы 2,5 миллиардга жакын сомго 5 миңден ашык насыя берилгенин билдирди. Акча жашылча-жемиш өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деген үч тармак аркылуу бөлүштүрүлгөнүн кабарлады.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG