Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Талгарбеков, Исаков баштаган саясатчылар бийликке кеңеш айткан уюм түздү


“Коомдук кеңеш” деп аталган уюмдун мүчөлөрү.
“Коомдук кеңеш” деп аталган уюмдун мүчөлөрү.

Кыргызстанда “Коомдук кеңеш” деп аталган уюм түзүлдү. Уюмду саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-депутат Исмаил Исаков менен чогуу негиздешкенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, саясатчы, коомдук ишмерлерден турган 50 киши бийликтин кемчиликтерин көрсөтүп, кеңеш берүү менен алектенет.

“Садыр Жапаровду мактаган кишилери толтура, биз ачуу чындык айталы деген ниетибиз бар”, - деп билдирди Талгарбеков.

Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн. Кыймылдын башкы максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, каатчылыкка каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү экени айтылган.

Президент Садыр Жапаров жакында “Кабар” агенттигине курган маегинде өлкөдөгү оппозиция жөнүндө пикирин билдирип, "бийликти сындагандар керек, бирок алар такталбаган маалыматтарды таратып жатат" деп айтты. Ошондой эле, “башаламандык кылам дегендерди жазага тартабыз” деп билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG