Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:12

Орусия хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажырады


2023-жылы өтө турган дүйнө чемпионаты үчүн салынып жаткан арена. Санкт-Петербург шаары.
2023-жылы өтө турган дүйнө чемпионаты үчүн салынып жаткан арена. Санкт-Петербург шаары.

Хоккей боюнча Эл аралык федерация (IIHF) Орусияны 2023-жылы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратты. Мындай чечим федерациянын кеңеши тарабынан 26-апрелде Цюрихте өткөн жыйында кабыл алынды. Анын себеби коопсуздукка байланыштуу деп түшүндүрүлдү.

Кеңеш буга чейин юниорлор арасында дүйнө биринчилигин Омск жана Новосибирск шаарларынан башка жерге которууну чечкен. Өткөн айда федерация Украинадагы согушка жооп катары Орусияны жана Беларусту быйылкы дүйнө чемпионатынан четтеткен.

2023-жылкы чемпионат кайда өтөрү келерки айда Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде аныкталмакчы.

Орусия Украинага басып киргенден бери бир топ орусиялык спортчулар дүйнөлүк жарыштарга катыштырылбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG