Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Бишкекте бош орундардын жармаңкеси өтөт


Иллюстрация
Иллюстрация

27-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында бош жумуш орундар менен кесиптердин жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жармаңкеге 2 миңден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардан 50 ири компания катышат.

Жалпысынан 6 миңден ашуун бош жумуш орундар каралат.

Иш-чараны аталган министрлик, Бишкек мэриясы, ЖИА Бизнес Ассоциациясы, Германиянын эл аралык кызматташтык коому уюштурууда.

2021-жылы 76 миң адам расмий жумушсуз катары катталган. Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан 1,5 миллиондой кыргызстандык чет жактарда эмгек миграциясында жүрөт. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG