Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:05

Кыргызстанда накталай доллар тартыш болуп жатканы айтылды


Иллюстрациялык маалымат
Иллюстрациялык маалымат

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанда Улуттук банк менен валюта базарындагы доллардын баасы эки башка болуп жатканын сындап, борбордук банкты абалды жөнгө салууга чара көрүшү керек экенин айтышты.

25-апрелде Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде депутат Айбек Осмонов валютанын олку-солку абалынан ишкерлер жабыр тартып жатканын билдирди.

“Доллар так болушу керек. Азыр базарга барсаң 86-87 сомдон, банктарга 83 сом 50 тыйын, бул эмне деген нерсе? Муну бир тартипке салышы керек. Бул өтө чоң көйгөй”, - деди депутат.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш учурда көпчүлүк өлкөдө ушундай абал болуп жатканын айтып, муну накталай доллардын тартыштыгына байланыштуу деп түшүндүрдү.

“Азыркы учурда мындай кырдаал бизде гана орун алган жок. Эң жакын өнөктөш өлкө болгон Орусия, Казактанда дагы ушундай болуп жатат. Накталай долларга тартыштык болуп жатат."

25-апрель саат 17:00го карата valuta.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында долларды сатуунун орточо баасы 86 сом 20 тыйын болуп жатат. Ал эми жеке банктарда 86 сомдун айлансында сатылууда. Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларын сатуу 80 сом 86 тыйын деп турат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG