Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Зеленский Киевде Энтони Блинкен жана Ллойд Остин менен жолукту


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин менен жолукту. Алар Орусия Украинага согуш ачкандан бери биринчи жолу Киевге барган Кошмо Штаттарынын жогорку жетекчилери болуп калды.

Азырынча жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат бериле элек.

Зеленский АКШнын жогорку жетекчилеринин сапарын утурлай бул сүйлөшүүлөрдөн курал-жаракка байланыштуу конкреттүү жыйынтыкты күтүп жатканын белгилеген.

Орусия Украинага басып киргенине эки ай болду. Москва менен сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын жетектеген, украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк жекшемби күнү билдиргендей, орус күчтөрү Мариуполь шаарындагы украин күчтөрүнүн акыркы чордонуна айланган "Азовсталь" заводун аткылоону улантып жатат. Подоляк Москваны Пасха майрамына байланыштуу ок атышууну токтотууга чакырды.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну токтотууну, бирок өндүрүштүк жайдын айлана-тегерегин "чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү" буюрган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG