Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШнын жогорку жетекчилери Киевге бара турганы күтүлүүдө


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин.

Кошмо Штаттардын жогорку расмий жетекчилери Орусия Украинага кол салгандан бери биринчи жолу Киевге жол тартып жатканы кабарланууда. Украин президенти Владимир Зеленский 23-апрелдеги видео кайрылуусунда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин менен Киевде сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айткан.

"Эртең америкалык өнөктөштөр менен маанилүү сүйлөшүүлөр бар", - деп билдирген Зеленский .

Ак үй Блинкен менен Остиндин сапары тууралуу маалымат берген жок. Мамлекеттик департамент менен Пентагон комментарий берүүдөн баш тартты.

Эгер бул сапар ишке ашса, анда согуш башталгандан бери биринчи жолу Украинага Американын эң жогорку даражалуу өкүлдөрү барган болот.

Зеленский бир күн мурдагы кайрылуусунда Киевдеги бул сүйлөшүүлөрдөн курал-жаракка байланыштуу конкреттүү жыйынтыкты күтүп жатканын белгилеген.

Орусия Украинага басып киргенине 24-апрелде эки ай болду. Москва менен сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын жетектеген, украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк жекшемби күнү билдиргендей, орус күчтөрү Мариуполь шаарындагы украин күчтөрүнүн акыркы чордонуна айланган "Азовсталь" заводун аткылоону улантып жатат. Подоляк Москваны Пасха майрамына байланыштуу ок атышууну токтотууга чакырды.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну токтотууну, бирок өндүрүштүк жайдын айлана-тегерегин "чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү" буюрган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG