Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Таш-Дөбө айылынын тургундары таза суу көйгөйүнөн улам митингге чыгышты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Чүйдүн Таш-Дөбө айылынын айрым тургундары таза суу көйгөйүнөн улам 23-апрелде Бишкек митинг өткөрүштү. Бир катар маалымат каражаттары тынчтык акциясына 20дай адам Максим Горький атындагы гүлбакка чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылганын жазышты.

Алар айылдын элинин саны жылдан жылга көбөйүп, таза суу жетпей жатканын, суу түтүктөрү оңдоого муктаж экенин билдиришти. Ошондой эле өкмөт бул көйгөйдүү чечүүгө убада бергени менен көп жылдан бери аны аткарбай келатканын сындашты.

Таш-Дөбө айылы Аламүдүн районунда жайгашкан.

Кыргызстандын айыл-кыштактарында суу көйгөйү негизги маселелердин бири катары айтылып келет. Акыркы жылдары бюджеттен жана эл аралык уюмдардын жардамы менен элетке таза суу жеткирген долбоорлор ишке аша баштаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG