Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткарат


Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мамлекет башчы Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгону тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.

22-апрелде Руслан Казакбаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу тышкы иштер министринин кызматынан кеткени маалым болду. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG