Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

Цианидге уулангандардын "Кумтөргө" каршы арызы боюнча сот чечими чыкты


Октябрь райондук соту. 2022-жылдын 21-апрели.
Октябрь райондук соту. 2022-жылдын 21-апрели.

Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын "Кумтөрдөн" кенемте төлөтүү тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» доогерлердин коомдук жактоочусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди.

Анын айтымында, сот чечими 21-апрелде чыкты, эми кийинки инстанцияга апелляциялык арыз берилет:

“Бүт мыйзам биз тарапта эле. Ар бир доогердин анализинен цианид чыкканы тууралуу соттук-медициналык экспертизасы, медициналык тастыктамалары, боюнан алдырууга мажбур болгон аялдын аныктамасы бар эле. Бирок ошого карабай бүгүн судья мыйзамсыз чечим кабыл алды. Судья Жарандык-процессуалдык кодекстин моралдык кенемте маселесин сот гана чечери тууралуу нормасын, Конституциянын 49-беренесин бузду”.

Иманкожоева сот чечимине нааразы доогерлер президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун талап кылып Өкмөт үйүнө барышканын, себеби ал 2012-жылы уулангандардын укугун коргоого убада бергенин, бирок ал иш сапарда экени айтылганын, келгенде кабыл алат деген ишенич бар экенин айтты.

1998-жылдын 20-майында «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. 2009-жылы сотко 29 жергиликтүү тургундун атынан ден соолукка келтирилген зыян үчүн ишкананы моралдык кенемте төлөтүү боюнча арыз берилген. Алардын 17сине ар бирине 400 миң сомдон төлөп берүү жөнүндө акыркы чечим 2021-жылы чыккан, калган 12си сот чечимине жетпестен каза болгон. Ошол эле жылы сотко дагы 54 адамдан моралдык кенемте боюнча доо арыз берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG