Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Мамлекеттик ипотеканын шарттарын өзгөртүү сунушталды


«Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында сатылып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси Министрлер кабинетинин Координациялык кеңешмесинде каралды.

Өкмөттүн расмий сайты билдиргендей, кеңешмеге Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жетекчилик кылып, мамлекеттик турак жай саясатын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан иштер талкууланды.

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун төрайымы Аида Төлөгөнованын “дүйнөдөгү саясий окуяларга, ошондой эле АКШ долларынын курсунун туруксуздугуна байланыштуу” сунушуна ылайык турак жайдын 1 чарчы метринин жогорку баасы 60 миң сомдун ордуна 70 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Мунун акыркы 10 (он) жылдын ичинде пайдаланууга берилген турак жайларга тиешеси жок.

Учурда өлкөдө «Менин үйүм 2021-2026» программасынын экинчи этабы ишке ашып жатат. Мамлекеттик ипотекалык компанияга учурда 32 миң киши кайрылып, алардын 10 миңинен ашыгынын арызы каралып, банктарга жөнөтүлгөн. Быйыл мамлекеттик казынадан 8,5 млрд. сом бөлүнүп, жыл башынан бери 500 млн. сомдон ашыгы берилгенин айтылган.

Өлкөдө турак жайга муктаж катары Мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине 50 миңден ашык үй бүлө кайрылган.

Расмий эсепке караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 7000 турак жай курулган, анын 6200ү жеке имарат, 800ү көп кабаттуу үй. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG