Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Караколдо жергиликтүү тургундун үйүнөн ири өлчөмдө баңгизат табылды


Ысык-Көл облустук милициясы тарткан сүрөт. 21-апрель, 2022-жыл.
Ысык-Көл облустук милициясы тарткан сүрөт. 21-апрель, 2022-жыл.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургунунун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү жарандын үйүндө тинтүү жүрүп, сарайынан жалпы салмагы 25 килограммдан ашык жапайы кендирдин жыты бар кургатылган өсүмдүк жана желим идишке куюлган суюктук табылып алынган.

Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну кылмышка шектелип кармалган.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG