Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Орусиялык олигарх Тиньков Украинадагы согушту сынга алды


Олег Тиньков.
Олег Тиньков.

Орусиялык олигарх Олег Тиньков президент Владимир Путиндин Украинага согуш ачуу чечимин кескин сынга алды. Ал Инстаграмга жазган билдирүүсүндө Орусиянын Украинага басып кириши, андан кийинки «акылсыз согуш» эч кандай пайда алып келбегенин жазды.

«Мен бул акылсыз согуштан пайда тапкан эч кимди көргөн жокмун! Бейкүнөө адамдар жана аскерлер өлүп атат», -деп жазды Тиньков 19-апрелде.

Бир суткада олигархтын постун 120 миң адам жактырды. Тиньков мындай билдирүүнү Орусия Украинанын чыгышында чабуулдарын күчөткөн маалда жасады.

«Блумбергдин» эсебинде, Тиньковдун байлыгы 3,5 миллиард долларга барабар.

Ал Батыштын санкцияларына кабылганына карабастан, Орусиянын Украинага кол салышын сындап чыккан аз сандагы орус олигархтарынын бири.

Тиньков ошондой эле Z белгисин колдонгондорду «келесоолор» деп сындап, алар калктын 10% гана түзөрүн, орусиялыктардын 90% бул «согушка каршы экенин» айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG