Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:07

Саакашвили ден соолугу начарлаганын айтты


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 20-апрелде сотто көрсөтмө берип жатканда дарыгердин жардамына муктаж болду.

Ал бул тууралуу өзү айткандан кийин жанындагылардын жардамы менен залдан чыгып, он мүнөттөн кийин кайтып келди. Мурдагы президент уйкусуздуктан жабыркап жатканын айтты.

"Акыркы күндөрү 12 киллограмга арыктап кеттим. Такыр тамак жей албай калдым. Мындан улам буттарымды да шилтегенге алым жок."

54 жаштагы Саакашвили былтыр 1-октябрда Грузияга кайтары менен камалган. Ал буга чейин сыртынан алты жылга бир нече айып боюнча кесилген.

Учурда ал 2007-жылы өкмөткө каршы митингди күч менен тараткан, мамлекеттин акчасын кымырып алган жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айыптар боюнча соттолуп жатат. Мурдагы президент бул айыптарды четке кагып келет.

Саакашвили кармалгандан бери эки жолу ачкачылык жарыялагандан кийин дарыгерлери анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин айткан.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган Саакашвили ушул тапта Украинанын жараны. Ал Орусиянын Украинага кол салышын кескин айыптап, бол согушта "бүт дүйнө жеңерин" билдирген. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG