Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Кыргыз-казак чек арасында жасалма тыгын уюштургандар бар экени айтылды


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасында Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган машиналар арасында жасалма тыгын уюштуруп жатышканын бүгүн 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди:

“Кыргыз тарап жасалма тыгын уюштуруп, ошол жерде “үч миң сом берсең өткөрүп коем” деген жигиттер жүрөт дейт. Бул маалымат ошол жердеги кыйналган адамдардан болуп жатат. Бажы жана чек ара кызматтары ушуну текшерип койсун. Чын эле ушундай болсо уюштургандарды “каракчылык” беренеси менен жазалаш керек”.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 20-апрелдин эртең мененки саат 10догу маалыматына караганда, “Ак-Тилек” бекетинде 180дей оор жүк ташуучу машина кезекте турат.

Автоунаалардын кезеги бир нече чакырымга узарган көрүнүш "Ак-Тилектин" жанында соңку бир аптадан бери байкалууда.

Чек арадагы тыгын маселесин жакында депутат Айбек Осмонов да көтөрүп, эгер мындай мамиле болсо Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (RK)

Кыргыз-казак чек арасы: кезек күткөн айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG