Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, судья айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн сот отурумунун катчысы аркылуу 10 миң сом алганы аныкталган. Жалпысынан 25 миң сом пара талап кылган.

Шектүү 16-апрелде паранын калган суммасын алып жаткан учурда кармалганы айтылды. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча катталып, тергөө жүрүүдө.

Айыпталып жаткан тарап жана адвокаттар комментарий бере элек.

Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка төмөн. (MKt\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG