Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Путин Бучадагы кыргынга шектелген аскердик бөлүктү сыйлады


Буча шаарында мерт болгон адамдардын сөөктөрү. 12-апрель, 2022-жыл.
Буча шаарында мерт болгон адамдардын сөөктөрү. 12-апрель, 2022-жыл.

Украинанын Буча шаарчасындагы кыргынга айыпталган Орусиянын 64-аткычтар бригадасына "гвардиялык" деген наам ыйгарылды. Мындай жарлыкка орус президенти Владимир Путин 18-апрелде кол койду. Анда бригада бул наам "Мекенди жана мамлекеттик кызыкчылыктарды" коргоо багытындагы аскердик иш-аракеттерде "жапырт каармандыгын, эрдигин жана кайратмандыгын" көрсөткөнү үчүн берилгени жазылган.

64-аткычтар бригадасы Орусиянын Хабаровск аймагында жайгашкан. Буга чейин Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын бул аскердик бригадасы Киевдин жанындагы Буча шаарчасын көзөмөлдөп турганда "согуш кылмыштарын" жасаганын билдирген жана карапайым тургундардын өлүмү үчүн адилеттикти орнотууну убада кылган.

Украин полициясынын маалыматына ылайык, Бучада баш-аягы 400дөй адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында башына тийген октон каза тапкандар көп.

Орусиянын аскерлери Буча шаарчасынан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылып, Москвага каршы жаңы санкцияларга себеп болду. Кремл орус күчтөрү Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып, Бучадагы кыргынды "чагым" деп мүнөздөгөн.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери беш миллионго чукул украин жараны чет өлкөгө качты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG