Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусиянын Львовдогу чабуулунан кеминде алты киши курман болду


Львовдогу сокку урулган райондордун бири. 18-апрель, 2022-жыл.
Львовдогу сокку урулган райондордун бири. 18-апрель, 2022-жыл.

18-апрелде орус күчтөрүнүн Украинанын Львов шаарындагы аскердик жайларды бутага алган чабуулунан кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Львов облустук аскердик жана жарандык администрациясынын башчысы Максим Козицкий билдирди. Анын айтымында, Орусиянын ракета чабуулдарынан дагы сегиз киши жараат алды. Алардын арасында бала бар.

Козицкийдин маалыматына ылайык, Орусия дүйшөмбүнүн таңында Львовго төрт ракета аткан. Алардын үчөө аскердик инфраструктурага, бирөө дөңгөлөк саткан дүкөнгө тийген. Чабуулдан аскердик жайлар катуу жабыркаган. Учурда бул жайларда чыккан өрттү өчүрүү иши уланып жатат.

Львовдун мэри Андрей Садовой да алты киши мерт болгонун ырастап, жалпысынан 11 киши жаракат алганын айтты.

Орусия Украинага басып киргенден бери батыштагы Львов шаары башка аймактарга салыштырмалуу азыраак чабуулга кабылган. Мындан улам Львов Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарынан качкан жарандардын башкалкасына айланган.

18-апрелге караган түнү Орусия Украинанын баш калаасы жана Днепропетровск шаарына да сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, дүйшөмбүгө оогон түнү орус күчтөрү Украинадагы 100 ашык объектини аткылады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG