Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Министр Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналивге сөгүш жарыялады. Ага Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров буга чейин Башкы прокуратура Бейшеналиев тууралуу өкмөткө эки жолу кайрылганын айткан. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, министрге жакын арада чара көрүлөрүн маалымдаган.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандарынан улам өлкө жетекчилерин реакция кылууга чакырган.

Баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште отчет берип жатып министрге карата чара көрүлүп жатканын, кызматтык этиканы бузганы үчүн Министрлер кабинетине эки сунуш берилгенин айткан.

Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG