Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:36

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган 400дөн ашуун айдоочуга ысык тамак берилди


Кезек күткөн машинелер.
Кезек күткөн машинелер.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде Казакстанга кире албай турган жүк ташуучу машинелердин айдоочуларына ысык тамак берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, 360 жүк ташуучу автоунаанын 420 айдоочусуна ысык тамак берилип, тамактануучу жайлар дагы уюштурулду. Мекеменин кызматкерлери күнү-түнү ошол жерде иш алып барып жатканы кабарланды.

Буга чейин Министрлер кабинети бул маселе Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда 19-апрелде талкууланарын жарыялаган.

15-апрелде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчиси Дастан Дүйшекеевди кабыл алганда маселе көтөрүлгөн.

Казактандын чек арасындагы "Ак-Тилек-Карасу" өткөрмө бекетинде 300дөн ашуун жүк ташыган машине 11-апрелден бери кезек күтүп турушат. Бир нече чакырымга созулган кезектин себебин казак тарап түшүндүрө элек.
Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери коңшу мамлекет аркылуу жүк ташыгандарга эрежелер катаалдашып, түйшүк жараткан учурлар көбөйдү. Мурда да ушундай узун кезек жаралган учурлар катталып келген.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG