Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

Рим папасы Пасха майрамына арналган сөзүндө Орусияны согуш үчүн айыптады


Рим папасынын “Дүйнөгө жана шаарга” кайрылуусу. 17-апрель, 2022-жыл
Рим папасынын “Дүйнөгө жана шаарга” кайрылуусу. 17-апрель, 2022-жыл

Рим папасы Франциск 17-апрелде католиктердин Пасха майрамына арналган кайрылуусунда Украинада тынчтык орнотууга чакырды. Орусияны кошуна өлкөнү “ырайымсыз жана маанисиз” согушка батырганы үчүн айыптады.

“Дүйнөгө жана шаарга” деп аталган кайрылууну угуу үчүн Ватикандагы Ыйык Петр аянтына 50 миңдей киши чогулду. Пандемияга байланыштуу 2019-жылдан бери Пасханын урматына окулган таат жана башка иш-чаралар биринчи жолу калың элдин катышуусунда өттү.

Понтифик Украина зомбулукка жана кыйроолорго учурап жатканын белгиледи. Буга чейин папа Орусиянын кол салуусун негизсиз агрессия жана баскынчылык деп сыпаттаган. Бул ирет да согуш баштоо чечимин чыгарган орус президентинин атын атаган жок.

Франциск ошондой эле Мьянма, Ооганстан, Ливия, Сириядагы абалга токтолуп, израилдиктер менен палестиндерди жарашууга чакырды.

Ал эми украиналыктар менен орусиялыктардын көбү башка православдар менен кошо Пасханы 24-апрелде белгилемекчи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG